Дүйнөлүк спорт: Бүгүн футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында кезектеги беттештер өтөт

Бүгүн, 11-октябрь күнү футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештери өтөт. Алардын арасында бир топ кыргызстандыктар күйөрмандык кылып келген Орусия курама командасы бар. Учурда Орусия командасында Бразилияга баруу үчүн толук мүмкүнчүлүк бар. Алар өз тайпасында дүйнөнүн мыкты оюнчуларынын бири Криштиану Роналду баш болгон Португалия курама командасынан 1 упай алдыда келе жатат. Эгер Орусия бүгүнкү, Люксембург жана акыркы Азербайжан курама командасы менен болгон беттеште жеңишке жетсе, анда Орусия курама командасы Дүйнө биринчилигине катышууга укук алат. Азырынча КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын гана Дүйнө биринчилигине катышууга мүмкүнчүлүгү зор, ошондой эле Өзбекстан курама командасында да мыкты мүмкүнчүлүк болуп, бирок Иорданияга пенальтилер сериясында утулуп калган. Бүгүнкү орун алчу беттештер төмөндө:

Люксембург – Орусия  

Хорватия – Бельгия    

Украина – Польша      

Дания – Италия  

Англия – Черногория  

Португалия – Израиль  

Испания – Беларусь  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан