"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын калганын Японияда өткөрөт. Качан?

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы калган оюндарын Японияда өткөрөт. Мындай чечимди Азия футбол конфедерациясы (АФК) кабыл алган.

Маалыматка ылайык, Кыргыз улуттук курамасы жайгашкан "F" тайпасындагы оюндар 31-майдан 15-июнга чейин Японияда өтөт. Бул тайпада Кыргыз улуттук курамасынын 3 оюну калган.

Оюндардын тизмеси: 7-июнь (дүйшөмбү): Кыргыз өлкөсү - Монголия;

11-июнь (жума): Мьянма - Кыргыз өлкөсү;

15-июнь: (шейшемби): Япония - Кыргыз өлкөсү.

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jeenbek.
2021-03-13 15:16:24
Ийгилик
+2
Muratmipa
2021-03-13 17:39:16
Алга АК шумкарлар
+1
jigit.paren
2021-03-13 19:23:51
Буйруса Гулжигит Японияга гол киргизет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан