УКМК: "Баткенде баңгизаттар, курал-жарактар жана ок дарылар сакталган жер табылды"

Баткен облусунун Баткен районунан курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 миллиметр калибрдеги 37 даана ок, ошондой эле таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул материалдар кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.

Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shejol
2021-03-14 15:50:29
Жалал абадабы же Баткендеги?бул жөн эле мергенчилик куралдар го,мындай ар бир айылда толтура жөн эле элдин көңүлүн буруу го
0
Kari
2021-03-14 18:55:24
Автомат болсо бир жон эле.Бул кадимки аталардан калган мылтык ко.Аа тиги марихуана жана башка заттар алар постава менимче.Бироону оюндан четтетиш керек же бир нерсени коруп калганын сезишкен.Жеке оюм.
0
Goodyer
2021-03-15 01:59:28
Укмк аябай кучтуу иштеп атыптыр.Курал жарак десе Калашников, гранатамёт деп ойлопмун
0
Nursul
2021-03-15 19:34:11
Ой мындай курал сактап жүргөндөр толтура азыр 3 кишинин биринде бар, этият болгула биртке акчаны аябай документтештирип алгыла туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан