Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 15-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 15-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
15-16-мартта абанын температурасы төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.
15-17-мартта:
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан