Ысык-Көл облусунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:17де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тоң районунун Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан