Бишкек шаарында адам уурдоого жана бейбаштык кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 23.00 чамасында 1993-жылы туулган М.М. шериктештери менен сүйлөшүп алып, бейбаштык жасоого багытталган кылмыштуу кыймыл-аракеттерин ишке ашырууну көздөшкөн. Алар Тойота-Эстима үлгүсүндөгү унаа менен Бакай-Ата районунун айылдарынын биринде жашаган жергиликтүү тургундун үйүнө барып, аны чакырып чыгышып, ошол эле айылдын көчөсүнөн зомбулук көрсөтүп, физикалык күч колдонуп сабап, андан ары унаага салып Таластын токоюна алып барып сабашып, денесине жаракат келтиришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берене "киши уурдоо" жана 266-берене "бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка тиешеси бар үч жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми М.М.га карата издөө иши ачылып, анын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата районунун жашоочусу 1993-жылы туулган М.М. аттуу жаран Бишкек шаарынын Батыш автобекетинен кармалып, Талас облусунун Бакай-Ата РИИБине жеткирилди. Кармалган М.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат", - деп жазылат маалыматта.