Жогорку Сот Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун ишин карап чыкты

Жогорку Сот криминалдык чөйрөдө Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун ишин карап чыкты. Анда сот райондук соттун чыгарган чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 11-мартта чыккан.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Чыңгыз Жумагуловду 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. да айыпталып жаткан. Сот аларды 13 жылдан камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан тышкары алар 190 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tursunbaev1978
2021-03-15 16:25:32
Адам өлтүрсө бей баштык менен 5 жылга соттоптур,бар болгула соттор
+7
KaGaH
2021-03-15 19:08:09
Tursunbaev1978,берут экөө мойнуна алышкан да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан