Ош шаардык мэриясынын спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Бекдөөлөт Абакировго карата арыз келип түшүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү ШИИБге 1980-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган.

"Арызда Бекдөөлөт Абакиров жана дагы төрт адам келип, адамдык намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, көптөп ур-токмокко алганы жазылган. Жабырлануучу шаардагы базарлардын биринде соодагер болуп иштейт. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда арыз ээсине соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amirrus
2021-03-15 22:38:29
Камагыла копкон чон муштумдарды,бул зоокур боло берет деп атса керек да,Кылыч чыгып Кетти го деп... Камаш керек строго башкаларга сабак болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан