Дасторкон четинде ырдап интернет жылдызына айланган Байзак Кубанычбек уулу ырчы Кенже Көбөкова менен дуэт жаздырып, чыгармачылыкка алгачкы кадамын таштап жаткан учуру. Жаш талантка колдоо көрсөтүп жатканын айткан ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Байзак азыр айылда эле окуп жатат. Убактылуу шаарга келип менин үйүмдө жүрөт. Экөөбүз ыр жаздырып, форма тиктирип, фотосессия кылып жатабыз. Анан азыркы эл сүйүп жаткан таза үнү сакталып калсын деп ыр жаздырдык. Өткөөл куракка барганда үнү өзгөрөт да. Бирок Байзактан азырынча ал нерсе байкала элек. Ошондой эле көптөрдүн сунушу менен дуэт ырдадык. Эми дагы алдыда өзүнүн аткаруусунда бир ыр жаздырганы жатабыз. Өзүмдүн баламдай эле болуп калды, ал да мени апа деп жатат. Колумдан келген көмөгүмдү көрсөтүп жатам. Буюрса, мектепти бүтүп келсе, музыкалык окуу жайга тапшыруусуна да жардам берем", - дейт Көбөкова.