Мамлекеттен мыйзамсыз 59 миллиард 500 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча Бахтияр Жолдошбаев изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("коррупция") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттен мыйзамсыз 59 миллиард 500 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын чыгарып кетүүгө катыштыгы бар, 1973-жылы туулган Бахтияр Жолдошбаевди издөөдө.
Издөөдө жүргөн Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн телефондору: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75. Ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефону аркылуу кабарлап коюңуздарды суранат.
"Белгилей кетсек, анонимдүүлүккө кепилдик берилет!", - деп жазылат маалыматта.