Баткенде кылмыш ишине тиешеси бар делинип облустук жол коопсуздугун камсыздаган бөлүмдүн башчысы изделүүдө

Баткенде укук коргоо кызматкерлеринин арасында кылмыш ишине тиешеси бар делинген жаран кармалып, экинчиси изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренелердин 1-бөлүмү (Адам өмүрүнө кол салуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 13-мартта болжол менен саат 01:45 чамасында Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын подполковниги кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан сырткары экинчи шектүү Баткен ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковнигин кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mustafo
2021-03-15 21:03:42
Шиши толгондо ошондой болот.
0
aslonur
2021-03-15 21:36:16
Mustafo, алар слишком асманда жургон адамдар, пандемия убагында өтө эле аша чаап адамдарга мамиле жасап калышты, Баткенди мен башкарам деген кишилер
0
amirrus
2021-03-15 22:31:16
Заказной Адам олтурткон экен ошого кармады буларды, отуруп чыккан киллерге акча бербей коюшуптур ,ошол зек чыгып арыз жазып ушулар заказ кылган деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан