2 сутка ичинде Бишкек шаарында 92 кылмыштын жана жорук иштеринин бети ачылды

Бишкекте акыркы эки сутка ичинде 92 кылмыштын жана жоруктун бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, борбор калаада 12-марттан 14-мартка чейин "Бандит" аталышындагы рейд жүргүзүлгөн.

Анда изи сууй электе 20 кылмыш иши, адам өлтүрүү - 2, тоноо - 3, уурулук - 10, алдамчылык - 13, бейбаштык - 5, опузалоо - 2, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо - 1, баңги затын мыйзамсыз сактоо жана колдонуу - 1 фактылардын бети ачылып, ошондой эле мурда издөөдө жүргөн 4 адам кармалды. Мындан тышкары жол эрежелерин бузуу боюнча 108 протокол түзүлүп, 17 унаа айып короосуна токтотулду.

Рейддин жүрүшүндө мурда соттолгон жарандардын жашаган дареги, көңүл ачуучу жайлар, соода борборлор жана базарлар дагы текшерилди. Мындай иш-чара дагы улантыларын белгилешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан