Буга чейин Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылгандыгы боюнча жазганбыз. Учурда милиция кызматы наристенин энесин таба элек. Издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Андан соң аталган окуя боюнча милиция маалымат таратып, баланын энесин издөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдаган.
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси дал ушул сүрөттөгү короодон табылган. Аталган үйдө азыр эч ким жашабайт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй ээлери март айынын башында эле мал-жандыктары менен жайлоо тарапка көчүп кетишкен.