Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Сокулук районунун аймагынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шектүү жаран ушул жылдын февраль айынын башында чакан насыялык компаниялардын биринин ишенимине кирип, жасалма документтерди берип, 200 миң сом акчасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени тууралуу ички иштер органдарына арыз түшкөн.
"Ушул жылдын 12-март күнү Москва РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Беловодск айылынан кылмышка шектелип 1982-жылы туулган жаран кармалган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.