"Жаштыктын эң кызыктуу учурлары "Кыз-Бурак" тобу менен өттү" деп ал күндөрдү эстеп жүзүнө жылмаю алган ырчы Гүлнара Калдарова SUPER.KG порталына маек курду.
“Кыз-Бурак” тобунан чыгармачылыктагы пайдубалын түптөгөн ырчы топтон кеткенден кийин да өз аракети менен чоң сахнада калды.
- Саламатсызбы. Бактылуулук сиз үчүн эмне?
- Бактылуулук биздин ден соолугубуздун чыңдыгы, жакшынакай жашоодо жашап жатабыз, үй-бүлөбүз, жакындарыбыз, сүйүктүү жумушубуз бар, ушунун баары бакыт.
- "Кыз-Бурак" тобундагы кезди эстеп, сагынасызбы?
- Сагынуу болот. Менин жаштык кезимдин эң бир жакшы күндөрү "Кыз-Бурак" тобунда өттү. Анткени мектепти бүтүп, балалык кезим менен коштошкондон кийин эле топко кошулдум. Ошол топто эмгектенип, элге таанылдым, көптөгөн ырлар жаралды, гастролдордо жүрдүк, аншлаг концерттер болду, чет жактарга чыктык. Узун жолдордогу кыздар менен окуялар, күйөрмандардын кол чабуулары ошол кезде башкача болчу. Сөзсүз түрдө сагынам. Жакында гана концертте "Кыз-Бурактын" жаңы кыздары, Айжамал, Сайкал менен отуруп бир сыйра ал кездерди эстеп, күлүп калдык. Бирок бир күнүң бир күнгө окшошпойт, ал кез өзүнчө, азыркы кез өзүнчө керемет күндөр деп эсептейм.
"Кыз-Бурак" тобунан көп сабак алдым деп ойлойсузбу?
- Чыгармачылыкка болгон тажрыйбаны топтон алдым, пайдубал курдум десем болот. Топто 400гө жакын кыз эмгектенди. Бирок көпчүлүгү кайра чыгармачылыгын улантышкан жок. Мен "Кыз-Бурак" тобунан чыгып кеткенден кийин чыгармачылыгымды улантып кеткеним өзүмдүн жеке аракетим болду. Менимче аракет болбосо, бир да ыр жаралбайт. Топтон кеткенден кийин көптөгөн клиптер тартылып, ырлар жазылды. Азыр да деле иштеп жатам, бул аракеттен деп ойлойм. Бирок чыгармачылыктан алган тажрыйбаны Гүлшайыр Садыбакасова эжекебиздин эмгеги деп айтам. Эжебиздин үйрөткөнү менен азыр да пайдаланып, иштеп жатам.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.