Акылбек Жамангулов "Альфа Телекомдун" башчысы кызматынан кетти. Анын ордун Азат Базаркулов ээлейт

"Альфа Телеком" ЖАК (соода белгиси "MegaCom") компаниясынын башкы директору Жамангулов Акылбек Жекшенович 2021-жылдын 16-мартынан тарта башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазгандыгын маалымдайт.

Ал "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору кызматын 2018-жылдын 24-октябрынан бери аркалап келген.

Ал эми "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору кызматына Базаркулов Азат Темирканович дайындалды. Ал буга чейин "Акнет" ЖЧКнын аткаруучу директору кызматын ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан