Орусияда Аксы районунун 22 жаштагы тургуну каза болду

Бүгүн, 16-мартта Орусиянын Москва шаарында каза болгон 22 жаштагы аксылык жигиттин сөөгү кичи мекенине алынып келе жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москва шаарындагы "Аксы" коомунун төрагасы билдирди.

Анын айтымында, каза болгон баланы унаа сүзүп кеткен.

"Каза болгон 22 жаштагы Кыргыз жараны өткөн жылы Москва шаарына иштегени келгени аныкталды. Аны 13-март күнү Москванын көчөлөрүнүн биринен унаа сүзүп кетиптир. Ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин жардамына карабай каза болду. Бүгүн, 16-мартта сөөгүн кичи мекенине жиберебиз", - деп билдирди "Аксы" коомунун төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talantus
2021-03-16 16:16:31
Жаны бейиште болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан