Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар милициянын кылтагына илинди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-марттан 15-мартка караган түнү Жалал-Абад шаарынын бир нече көчөлөрүнөн жалпы 15 даана кудуктун капкактарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги боюнча Жалал-Абад шаардык "Сууканал" ишканасынан арыз келип түшкөн.
Жогорудагы фактылар боюнча арыз Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштын бетин тез арада ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмасы берилген. Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары 2000-жылы туулган А.О. жана 2001-жылы туулган Г.А. аттуу жарандар кармалып, иш боюнча далил буюмдар аныкталып, тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмышка катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.