Башкы прокуратура: "Ысык-Көл облустук фонду мамлекетке 150 миллион сом зыян келтирген"

Башкы прокуратура Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан мамлекетке 150 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, прокуратура тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна текшерүү жүргүзүлгөн.

"Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга фондго "Кумтөр" компаниясы акча каражаттарын бөлгөн. Берилген акчалар узак мөөнөттөн бери системдүү түрдө башка максаттарга негизсиз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Мындан сырткары курулуштарды баштоого жана капиталдык оңдоп-түзөөгө тиешелүү долбоорлорго чыгымдалуучу каражаттардын сметалары фонддун башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте түзүлбөгөндүктөн жана бекитилбегендиктен каражаттардын олуттуу бөлүгү максатсыз пайдаланылып, ыйгарылып алынган.

Жогорудагы жагдайлар мамлекеттик каражаттарды жеке тараптардын тескөөсүнө өткөрүп берүү аркылуу ыйгарып алуу үчүн фонддун башкаруу органдарында туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгүн айгинелейт.

Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча фонддун алдына коюлган тапшырмалар ишке ашпай, 2015-2020-жылдар аралыгында мамлекетке 150 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Чогултулган материалдар 319-берене (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан