Таласта коронавирус менен жабыркабайт деген документтерди жасаганга шектелип аял менен шериги кармалды

Талас облусунда коронавирус менен жабыркабайт деген тесттердин жыйынтыгын жасоо фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, бир нече айдан бери айрым адамдар коронавирус пандемиясынын шартында талап кылынган документтерди жасап жатат деген билдирүү милиция кызматкерлерине маалымдалган.

"Коронавирус инфекциясы менен жабыркабайт деген маалым каттарды айдоочулар чек арадан өтүүдө колдонушкан. Милиция кызматкерлери айрым учурларда даяр маалым каттарды сатып алган фактыларды аныкташкан. Бул фактынын бетин ачуу максатында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, 4-мартта Талас шаарынын 1974-жылы туулган тургуну кармалды.

Кармоо учурунда аял ПЦР тесттин жыйынтыгын далилдеген маалым катты берип жаткан. Бул ишке тиешеси бар делинип Талас районунун 1992-жылы туулган жашоочусу кармалды. Ал ПЦР тесттердин жыйынтыгын жасап жүргөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири маалым каттарды жасап, экинчиси кардарларды таап жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 359-берене (документтерди жасалмалоо) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан