
Бишкекте өзгөчө ири суммада алдамчылык кылган деген шек менен 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 14-январда шаар тургуну чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Анда өткөн жылдын 21-сентябрында Манас кең көчөсүндө чала таанышы арыз ээсинин ишеничине кирип, Казакстандан 3 фура тооктун жумурткасын алып келип берүүнү убадалап 3 миллион 674 миң сомун алып, изин жашырып жүргөнү айтылат.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1991-жылы туулган аял кармалып, анын бул ишке катыштыгы бар экендиги аныкталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жогорудагы фактыдан тышкары кармалган жарандын үстүнөн алдамчылык боюнча дагы арыз түшүп, учурда келтирилген зыяндын суммасы такталууда", - дешти мекемеден.