Ысык-Көлдө өз айылдаштарынын малдарын уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көлдө өз айылдаштарынын малдарын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенген кылмыш тобунун ишмердүүлүгү токтотулду.

Мекемеден белгилегендей, өткөн жылдын декабрь айынан баштап ушул жылдын март айына чейин Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мал уурулук көбөйүп кеткен. Мал жандыктар негизинен түнкү мезгилде уурдалып келген.

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Субару-Форестер унаасы менен мал ташып бара жаткан эки адам токтотулган. Текшерүү учурунда алардын жанында малдарды ташуу үчүн тийиштүү уруксат кагаздары жок болгон. Андан аркы териштирүү иштеринин натыйжасында, алар ташып бара жаткан эки баш кой Саруу айылынан уурдалгандыгы аныкталган.

Бул фактыга шектелип, ошол эле айылдын тургундары 23 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы К.М. кармалган. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта мал уурдагандыгы боюнча күнөөлөрүн моюнга алышып, айылдаштарынын 5 малын, 21 баш кой уурдагандыгын айтышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Кылмышка шектүү катары кармалгандардын башка ушул өӊдүү кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан