Мамлекетке 4 жарым миллион сом зыян келтирген. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип сот аткаруучу кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы жаран кайрылган. Анда Ысык-Көл райондук сотунун сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган арыз Ысык-Көл райондук прокуратурасында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Кылмыш бетин ачуу максатында аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо, тергөө тапшырмасы берилген. 16-март күнү кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Шектүү адам Ысык-Көл райондук сотунда сот аткаруучу, Бостери айылынын А.Э. аттуу тургуну болуп чыгып, ага кылмыш ишине шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилген.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан