Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейтти 3:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейттин 22 жашка чейинки курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш 3:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди. Беттеште коргоочу Валерий Кичин 2 жолу жана Мирлан Мурзаев бир ирет гол киргизди. Кыргызстан жана Кувейт футбол федерацияларынын сүйлөшүүлөрү боюнча, эми биздин жаштар курама командабыз Кувейтке барып жолдоштук беттеш өткөрөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bander
2013-10-12 09:41:01
Жакшы оюн болду. 15 да саат 16-00 до оюн болот, келип колдоп кеткиле!
0
Aviator
2013-10-12 15:45:00
красавчики.
0
tolik
2013-10-12 20:44:26
Азаматсынар! Алга Кыргызстан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан