Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2020-жылдын 27-декабрь күнү Жеңиш айылында эркек киши Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлгөн. Дарыянын жээктери муз болгондуктан издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой токтотулган.
Кечээ, 16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнын №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаруучу тартылды.
17-март күнү издөө иштери улантылат.