Бишкекте Телеграм аркылуу баңгизаттарды сатып жүргөн Орусиянын жараны кармалды

Бишкек шаарында жаңы психоактивдүү заттарды сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Телеграм социалдык тармагы аркылуу "@LuCHiKso" аттуу аккаунт баңгизаттарды сатып жүргөндүгү аныкталган. Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында, шектүү катары 1993-жылы туулган Орусиянын жараны кармалган.

"Жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө, батирден белгисиз дары-дармектер жана бульбулятор табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында, табылган зат 41 грамм болгон баңгизат экени аныкталган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан