Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында сатып алынган музыкалык аппаратуралар жогорулатылган баада алынганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу аталган музыкалык драма театрына менчик компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алышкан.
"Тергөө иш-чаралардын комплексин жүргүзүү учурунда, сатып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.