Чүй облусунда уурулук жана тоноочулукка шектелген бир катар адамдар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Чүй ОИИББинин профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, беш кылмыш иши катталып, үч адам кармалган.
"Бир күн мурун профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Токмок шаары боюнча төрт кылмыш ишинин бети ачылып, башка адамдардын мүлкүн уурдоо беренесинин негизинде 45 жаштагы И.А. жана 53 жаштагы С.М. кармалды. Ал эми Жайыл районунда тоноо фактысынын негизинде 27 жаштагы И.Ш. кармалган. Бардыгы Чүй облусунун тургундары болуп чыкты.
Кармалгандар райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Бул кылмыштардын бардыгы ушул жылдын март айынын башында жасалган. Учурда Чүй облусунун милиция кызматкерлери аталган адамдардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Сотко чейинки процесстер уланууда", - деп айтылат маалыматта.