Баткендин Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп 350 тоок, 150 жөжө күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыкканы айтылууда.