Каракол шаарындагы ат майданда Кыдыр акенин 170 жылдыгына карата облус боюнча “Көк бөрү” мелдеши өтүүдө. Ага 12 команда катышып, 2 команда 11-октябрда финалга чыкты. КРнын улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү борборунун Ысык-Көл облустук координатору Таалайбек Ниязов жеңүүчүлөргө бериле турган сыйлыктар боюнча айтты. “Финалга Түп районунун “Жигиттер” жана "Бостери" командалары чыкты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунга 60 миң, 2-орунга 40 миң, 3-орунга 20 миң жана 4-орунга 10 миң сом сыйлык берилет. Мындан сырткары кубок, медаль, грамоталар тапшырылат”,- дейт ал.