Ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосунда сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган.
Арадан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.
Бул фактыга шектүү жаран окуя тууралуу КТРКнын "Телекүзөт" берүүсүнө айтып берди. Шектүүнүн айтымында, ал келинчегин канча жолу тээп, канча жолу сабаганын мас абалда болуп билбей калган.
"Келинчегим экөөбүз ичимдик ичип отурганда, ал мага "батирде эле турбайлыбы, мен күйөөгө тийгенде деле денемди сатып жүргөм" деп айтып калды. Токмокто деле күйөөсү менен жашап жүргөндө ушундай иштер менен алек болуп жүрүптүр. Мен ага жиним келип башына бир тептим, ал качып чыгууга үлгүрдү. Сырттан мен аны көтөрөйүн деп алым жетпей койду, анан аттын жибин бутуна байлап, атты жетеледим, бир маалда жип үзүлүп калды. Канча жолу тээп, канча жолу сабаганымды мас абалда болуп билбей калдым. Аны үйгө алып кирип, үстүнө жууркан жаап койдум, өзүм чыгып ичип отурдум", - деп билдирди ал.
Буга чейин SUPER.KG порталы өздүк булактарга таянып, келиндин күйөөсү мас абалда келип ур-тепкиге алып, аёосуз сабаганын, күйөөсүнөн качып чыккан келиндин артынан ат менен барып, ал жактан чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келгенин айтып беришкен.