Тогуз апа тигип, борбор шаарга алып келип илишкен туш кийиздер көргөзмөсүнөн сүрөттөр

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде "Ак бата" аталышындагы көргөзмө өтүүдө. Уюштуруучулар көргөзмө үй-бүлөдөгү жана коомдогу салттуу-маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында жасалганын айтышты.

Иш-чара алгач интерактивдүү мультимедиялык долбоор катары башталып, андан кийин көргөзмө катары ачылган. Долбоорду "Айкын Багыт" коомдук фонду жана "Гонзо-дизайн" студиясы ишке ашырууда.

Көргөзмөгө Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы аймагында жашаган тогуз апанын жасаган туш кийиздери жана алардын колдонуп жүргөн эски буюм-тайымдары, кийимдери коюлган. Иш-чара 31-мартка чейин уланмакчы.

"Айкын Багыт" коомдук фондунун өкүлү Гүлзат Мукалиеванын айтымында, көргөзмө салттуу-маданий баалуулуктар аркылуу бири-бирин сыйлаган, түшүнгөн үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн коомго жайылтуу үчүн уюштурулган. Ал туш кийизде толгон-токой сырлар катылып жатат дейт.

"Апалар кыздарына баталарын, жакшы каалоолорун туш кийиздеги сайма аркылуу берүүгө аракет кылган. Башкача айтканда, туш кийиз саймалуу кат. Туш кийиздеги оймо-чиймелер ден соолук, өмүр, бактылуу жашоо, тынчтык, сүйүү, бири-бирин урматтоону түшүндүрөт. Бирөөнүн үйүнө барган кызына апасы туш кийиз аркылуу "Сен жалгыз эмессиң. Сенин тууган-уругуң артыңда экенин бил. Туш кийиз сага күч-кубат берүүчү белек" дегиси келет", - деди Мукалиева.

Ошондой эле көргөзмөнүн интерактивдүү мультимедиялык долбоору иштелип чыккан. Анда көргөзмөгө коюлган буюмдарды, апалардын сүрөтүн, ар бир оймо-чийменин маанисин интернет аркылуу көрсө болот. Андан сырткары кызына берген батасын аудио түрүндө укса болот.

Уюштуруучулар көргөзмөгө келгендер алар күткөндөн да көп болгонун айтып, иш-чарага келгендер чоң апалардын эмгектеринен абдан таасирленгендигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2021-03-17 15:18:40
Чубалжыган эмне жиптер
+1
erkeleim
2021-03-17 16:19:38
Baatirbek81,уурдап кетпесин деп байлап койгон
0
Ali-han
2021-03-18 00:23:43
Балалык чагын эске түшөт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан