72 даана шуба уурдаган. Бишкекте уурулукка шектелип 18 жана 24 жаштагы балдар кармалды (сүрөт)

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү товар сакталган кампага белгисиз адамдар кирип, Орусияга жөнөтүлө турган 72 даана шубаны уурдап кеткендерин жазган. Келтирилген чыгымдын көлөмү 3 миң 600 долларды түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип, кылмыштын изи сууй электе 1997-жылы туулган жаран кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү дагы бир жаран аныкталып, 1997-жылы туулган жаран кармалган. Ал уурдалган кийимдерди "Дордой" базарынын аймагынан үчүнчү жакка сатып жибергени белгилүү болгон.

Мындан сырткары бул кылмышка тиешеси бар дагы бир 2003-жылы туулган жаран кармалган. Ал жашы жете электигине байланыштуу келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Бишкекте уурулукка шектелип, 18 жана 24 жаштагы балдар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-03-17 17:19:10
Тобааа жакшы жанылык укпай калдык ко жалан шайтанга азгырылган иштер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан