Бүгүн, 17-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык Киев көчөсү менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Оор жаракат алгандар жок. Жабыркаган унаалардын ичинде Бириккен улуттар уюмунун унаасы дагы бар.
Бул боюнча SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматы аталган факты катталганын, кырсык болгон жерде тийиштүү кызматкерлер иш алып барып жатканын жана толук маалымат берилерин билдиришти.