Ош облусунун Кара-Суу районунда юбилейлик кечеден кийин массалык уулануу болуп, 2 аял каза болуп, дагы 12 адам ооруканада жаткан. Бейтаптар бүгүнкү күндө Кара-Суу аймактык ооруканасында дарылануусун улантууда. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу оорулар башкармалыгынын жетекчиси тарабынан белгилүү болду.
Айтымында, бүгүн, 17-мартка карата 12 бейтап тең дарыланып жатышат. Ал эми Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы дарыланып жаткан эки бейтаптын абалы оор экенин маалымдаган.
Эске салсак, 6-мартта жергиликтүү тургун 60 жылдык юбилейин белгилеп, кечеден кийин коноктордо уулануунун белгилери байкалган. Алар алгач өз алдынча дарыланып, 9-мартта абалдары оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан. Уулануунун кесепетинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.
Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө экени кабарланган.