"Туура эмес маалыматтар тарап жатат, жыйынтык чыгаруу эрте". Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун ата-энеси дагы сурак берүүдө

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.

SUPER.KG порталы жерине барганда укук коргоо органдары каза болгон баланын 10-класста окуган агасы күбө катары сурак берип жатканын билдиришкен.

Ал эми каза болгон баланын үйүнө барганда Шумкарбек аттуу тууганы алар эч кандай чырга аралашпаган үлгүлүү үй-бүлө экенин айтып, окуянын чын-бышыгын өздөрү дагы билбей турганын айткан.

Бул факты Биринчи Май РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда аталган райондук ички иштер бөлүмүндө баланын агасы жана ата-энеси сурак берүүдө. Алар жакынкы 3-4 саат аралыгында чыгышпайт. Бул тууралуу биздин порталга укук коргоо органдарынан билдиришти.

"Социалдык тармактарда 13 жаштагы баланы мууздап кеткени боюнча ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатат. Үйүнө ууру кирген же агасы күнөөлүү деген сыяктуу маалыматтар жүрөт, учурда тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте. Азырынча комментарий бере албайбыз", - деп билдиришти укук коргоочулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zhykyo
2021-03-17 20:02:44
Кошуналарынанда сурака тартыш керек мумкун кирип чыккан адамдарды коргон билгендер болуп калабы дейм да
+3
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-03-17 20:15:17
башка сайттарда урулар олтуруп кетишти деп жататко
+1
Kurbanalieva1991
2021-03-17 20:18:47
Балада эмне күнөө, окуп ичим муздай түштү. Муну дагы ИИМ эптеп шылтоо таап басты кылса керек.
-1
heaven2016
2021-03-17 21:09:22
Садыр деле Жээнбеков кылган ишти улантып жатат. Жеруйду ачып салды! Убагында кыргыз кендерин мамлекет иштетиш керек деп жүрдү эле. Кана эми ал сөздөрү? кыргыздын бир пайыз дагы үлүшү жок жерүйдө!
+2
Simels
2021-03-17 21:45:04
heaven2016, 1% үлүшү жок деген маалымат кайсыл жактан алдың? Ошол маалыматтын булагын кетирсең. Россия Жер Үйдү көп жылдан бери эле ишетип келе жатат Кумтөр сыяктуу эле
-5
heaven2016
2021-03-17 22:07:54
Simels,аңкоо бүгүн биринчи жолу алтын чыгарылды! Буга чейин курулуш иштери жүргөн
+9
nazira...
2021-03-17 21:54:00
heaven2016,при чем тут Садыр. Бул жерде 5 жашар бала өлүп атат. Кандай адамсынар.
+2
heaven2016
2021-03-17 22:08:40
nazira...,өз элинин кен байлыгын башка өлкөгө саткан бул ата Мекенди сатканга барабар
+4
Mustafo
2021-03-17 23:00:00
heaven2016,сен иштет анда күчүң жетсе
0
Kombi
2021-03-18 08:33:44
Mustafo,Мамлекетке откорушубуз керек деп ким айты эле убагында. дуба кылгыла жаштар кыздар бироого (иш боянча) козун карабасын
+1
Apakbala
2021-03-18 07:41:56
heaven2016,сен иштет анда жеруй кайсы жерде экенин барып козун менен коро элексин дагы кочугунду которуп кетмен чапканга жарабайсын дагы сасыйсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан