Баткен. Облуста улуттар аралык достукту бекемдөөгө арналган спорттук мелдеш болуп өттү
11-октябрда Баткен шаарынын борбордук
стадионунда “Улуттар аралык ынтымак жана жаштар" деген ураандын астында спорттук мелдеш өттү. Ага 300дөй
спортчу катышты, көрүүчүлөрдүн саны 1000дей болду. Мелдеште
Лейлек күрөшү боюнча 75 килограммдык салмакта Жаныбек Аллакулов аттуу балбан 1-орунду алып, Волга автоунаасын утту. 75 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан балбандар
арасында Комалидин Абдирахимов
1-орунду ээлеп, Волга автоунаасынын ээси болду. 2-3-орунду
камсыз кылган балбандарыбызга акчалай
сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.