Биз социалдык тармакта

"Чогуу ишкерлик кылабыз деп акчасын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылы июль айларында чала таанышы арыз ээсинин ишенимине кирип, чогуу ишкерликти баштайбыз деп убада кылып, 3 миң 400 доллар акча каражатын ээлеп алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене ("алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан