Бишкекте унаадан чыгып адашып кеткен кичинекей баланы атасына өткөрүп беришти

Бишкек шаарында адашып кеткен баланы атасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 18:40 чамасында Шопоков көчөсүндө кичинекей бала ыйлап жаткандыгын көрүшкөн.

"Баланын аты-жөнүн аныктоо учурунда, атасы баласын убактылуу унаага калтырып, өзү ЦУМ соода борборуна кирип кеткендиктен, бала унаадан чыгып, адашып кеткендиги аныкталган. Кайгуул кызматкерлери атасын таап берүүгө аракет кылып, ЦУМ соода борборундагы “радиоузилден” айттырып, атасын чыкыртышкан. Атасы келип, ал да баласын издеп жүргөндүгүн айтып, милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан