Чет өлкөлөргө саякаттап, эл көрүү, жер таануу көпчүлүккө эле жеткиликтүү болуп калды. Аба ырайынын суук, салкын мезгилдеринде ысык өлкөлөргө барып деңиз жээгин бойлоо, сууга түшүү модага айлангандай.
Учурда Түркия мамлекетинде эс алып, убакытты кызыктуу өткөрүп жаткан шоу-бизнес өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн топтодук.
Ырчы Джонни жубайы Айжан менен бал айын Түркиянын Алания шаарында өткөрүүдө. Түгөйлөр буга чейин бал айын башка өлкөдө өткөрүүнү пландашкан. Ырчы мырза бул жерлерге келүү кыялы болгонун, ал кыялы 31 жашында ишке ашканын айтат.
Ал эми эс алууга балдары менен чогуу баргандардын бири ырчы Аско. Ал жубайы, кызы жана уулу менен Түркиянын Алания шаарында эс алышууда.
Чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчы Чолпонай дагы жолдошу, кызы менен Алания шаарында эс алууда.
Жогорудагы ырчылар барган шаарда карантиндик айрым чектөөлөр бар. Алсак, ишемби жана жекшемби күндөрү көчөгө чыкпоо, калган күндөрү кечки саат 9га чейин чыгууга болот.