"Барселона" футболдук клубу Месси менен келишимди өмүрүнүн аягына чейин түзүүнү сунуштайт

"Барселона" футболдук клубунун жаңы президенти Жоан Лапорта команданын чабуулчусу Лионель Месси менен өмүр бою келишим түзүүнү каалайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, келишимде Месси карьерасын аяктагандан кийин кызматташуу каралган. Ошол эле учурда келишимдин суммасы азайышы мүмкүн - бул коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан каржылык көйгөйлөргө байланыштуу.
Айта кетсек, ушул жылдын 8-мартында "Барселона" футболдук клубуна Жоан Лапорта шайлоочулардын 54,28 пайыз добушуна ээ болуп президент болуп дайындалган. Ушул жылдын 31-январында El Mundo Мессинин "Барселона" менен учурдагы келишиминин деталдарын ачып берген. Жалпы суммасы дээрлик 556 миллион еврону түзөрү маалымдалган.
2020-жылдын жай мезгилинде Месси каталониялык клубдан кетүүнү көздөгөн. Кийинчерээк ал клуб менен соттошкусу келбей тургандыгын айтып, "Барселонада" кала тургандыгын расмий жарыялаган.
Учурдагы келишим 2021-жылы жайында аяктайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан