УКМК: "Ленин жана Свердлов райондорундагы жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалды"

Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар салыкты мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.

"Кечээ, 18-мартта салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук башчысынын орун басары К.У.К жана Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын инспектору У.А.А. кармалды.

Аталган жогорку кызмат адамдары жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз өлкөсүнө импорттолуучу элге керектелүүчү товарларга салыктык чегерүү алып салынгандыгы аныкталды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан