3 адам ооруканада. Түндө Бишкекте эки унаа сүзүшүп, бири жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон

Кечээ, 18-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Токомбаев жана Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, 1995-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, андан ары жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон.

"Жол кырсыгынын натыйжасында, Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, ошондой эле 2001-жылкы жөө жүргүнчү кыз жабыркап ооруканага кайрылышкан. Учурда унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Түндө Бишкекте эки унаа сүзүшүп, бири жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан