Бактыбек Мамытовдун жубайы: "Бактыбекке сөз тийип калбасын деп түз жүрдүк"

"Бактыбекке сөз тийип калбасын деп түз жүрдүк" дейт Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытовдун жубайы Жамийла Омокеева. Бири теленин жүзү болуп, бири радиодо режиссёрлук кызматты аркалаган жубайлар SUPER.KG порталына кызыктуу маек куруп беришти.

"Эл көзүндөгү адамдын жубайы болуу бир чети сыймык болсо, бир чети абдан түйшүктүү. Бактыбектин жубайы андай экен, тигиндей экен деп сөз тийип калбасын, жаман сөздөр илешип калбасын деп дайыма түз жүргөнгө аракет кылдык. Анын үстүнө чогуу иштеп калдык. Бактыбек байкеңердин багы бар экен деп калам (күлүп). Себеби мен башка тармакта иштеп калганда, бул жактын ашканасын билбей, мынчалык түшүнбөсөм керек эле. Ошондон улам кызганычтар болуп, уруш-талаштар жаралып, түшүнбөстүктөн улам залакасы тийип калуусу мүмкүн да. Мен радиодо режиссёр болуп күндүз чакырам, материалдарымды окутам. Анан кечкисин өзүнүн жумушуна кетчү. Чогу иштегенибиздин жакшы жактары көп болду", - дейт Жамийла Омокеева.

Бактыбек Мамытов: “Сүйүү менен курулган үй-бүлө бекем болот“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Haanykeim
2021-03-19 11:46:09
Бактылуу карылык сиздерге..
+4
Kuban-1207
2021-03-19 13:16:10
Бактылуу карылыктын өмүрүн сүргүлө
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан