Бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Алгачкы оюнда Таластын "Ынтымак" командасы менен Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы беттешти.
Жоон билек, таш такым улакчылар көрүүчүлөргө бүйүр кызыткан оюн көрсөтүп, жыйынтыгында Таластын "Ынтымак" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Муну менен "A" тайпасынан жеңип чыккан "Ынтымак" командасы 1-орун үчүн ат салышат.
Буга чейин жаракат алып, операция жасаткан Сейитбек Анарбек уулунун ыкчам оюну "Сары-Өзөнгө" жетишпей турганы даана байкалып турду.
Эмки оюнда Жогорку Лиганын "B" тайпасындагы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Достук" командасы беттешмекчи. Ал оюнду да биздин түз эфирден көрө аласыздар.