Бактыбек Мамытовдун жубайы: "Үй-бүлөдө аялзаты көтөрүмдүү болушу керек"

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов жубайы Жамийла Омокеева менен SUPER.KG порталына маек куруп, 48 жылдык үй-бүлөлүү жашоосундагы кызыктуу учурларын айтып беришти. "Үй-бүлөдө аялзаты көтөрүмдүү болушу керек" деген диктордун жубайы төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Экөөбүз чогуу иштеп калгандан кийин бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасадык. Ар кандай учурлар болду, эми жашпыз да. Күйөрман кыздар сумкага кат жазып салып койгон күндөр дагы болду. Анан ошого туура түшүнүү менен карап, ишеним, сый болду. Үй-бүлөнүн бекемдиги эки адамдын бири-бирине болгон ишенимден дагы көз каранды. Анан, албетте, аялзаты көтөрүмдүү болушу керек.

Мен үй-бүлөдө эрке өсүп калдым. Апам Бактыбекти көрүп, "Бир мүнөз бала экен. Мындай адамдар бир көңүлү калса кайрылбай басып кетет, эркелик мүнөзүңдү оңдо" деген. Кийин турмушта апамдын сөздөрүн эстеп, жолдошума карап түздөлдүм. Азыр эми мындан дагы оор басырыктуу болуп калдым. Кудайга шүгүр, Бактыбек өзү аялзатына катуу сүйлөбөгөн адам. Кайнатам, өзүмдүн атам жолдошума окшош кишилер болчу", - дейт Омокеева.

Бактыбек Мамытов: “Сүйүү менен курулган үй-бүлө бекем болот“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан