Чүй облусунун Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине 1989-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 6-октябрь күнү Ново-Покровка айылындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, арыз ээсин коркутуп, сабап, акча каражатын жана үйүнүн ачкычтарын алып качып кетишкендигин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Буга чейин, тагыраагы өткөн жылдын декабрь айында жогорудагы кылмышка шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалган. Кечээ, 18-март күнү аталган кылмышка катыштыгы бар делген шек менен дагы бир 1991-жылы туулган жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.