"Көп жер тилке, батир, кеңсе, коттедж жана башка байлыктар". УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдады

Жогорку Кеңештин депутаты А.М.А. мыйзамсыз байыгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү - Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.А тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

"Такталгандай, А.М.А. саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан.

Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык.

Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында A.M.A. аларды сатып алуудан мурун, тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген. Аталган А.М.А. 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2021-03-19 15:50:29
Оз бешене тери менен байыган депутатты кундузу фонарик менен издеп таппайсын го.
+7
nursbaike94
2021-03-19 16:10:10
Марат Аманкулов
+2
Kuban-1207
2021-03-19 16:25:16
Аманкулов Марат Аскерович
+6
Kuban-1207
2021-03-19 16:25:47
Ченебей жеген экен баччагар
+1
kamchatka
2021-03-19 16:47:05
Абжалиев Алярабек деген жигитин гулуго кудасы экстин
0
Asmat84
2021-03-19 17:07:45
А м а байыган экен да к. Т . К ны да жакында кармайбыз деп атышат.
+5
mirlan2084
2021-03-19 17:10:11
Абжалиев Алярбек бул бай эми кусасын убагында таможнядан байыган бул эргул 2005жылга чейин таможняда иштеген
0
Akyl78.1501
2021-03-19 19:08:08
АМА яман байлыгы көп экен а эй.
+3
Kudi
2021-03-19 20:07:15
Эртең эле угабызго эмнеге эле А.М.А деп жаза бересиңер толук эле Марат деп жазбайсыңарбы
+5
ZALKARBEK.84
2021-03-19 22:42:01
Ёёп дигидик, шыпырып эле топтогон экен, кызталаак.
+4
Taalaibek.
2021-03-19 23:00:55
Ыйлагым келип кетти, канча карапайым элдин акысын жеп жатышат. А биз болсо жарым болмого ээ боло албайбыз.
+3
munarbek.92
2021-03-20 04:03:13
ак уйдун тегерек четин темир тор менен каптап эле камап коюш керек 120 А.М.Аны
+1
kkkk3259780
2021-03-20 06:22:48
булардын бироосун алыш учун эле орусияда 100000 мин айлык менен канча жыл иштеш керек айткылачы...
+1
zam81
2021-03-20 10:03:11
4 сотук жерге жетпей жатабыз булардын кылганы бул
+1
Gulizaa
2021-03-20 13:27:08
Ой ии,Биз бул акчага жетебиз деп омурубузду Москвада откоруп жиберебиз го.Бирок элдин акчасы болсо кк.Ушундайлардын айынан Кыргызтан онукпой,акча учун журобуз ,окуубузду ,уй-булобузду таштап ар жерде.Ойлосом эн жакшы,окуйтурган ,жаштыгым Москвада отуп жатат экен.Маакул Эми бул жерде наалыбай ишимди кылайын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан