Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 14-20-октябрь аралыгында өтүүчү Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө орусиялык Михаил Фуфягинге каршы ойносо, мелдештин жуптан ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге Михаил Фуфягин менен Андрей Плотныйга каршы беттешет. Эске салсак, 13-октябрь күнү Чымкентте жыйынтыкталган мелдеште Данияр Дулдаев жупта ойноодо Фёдор Червяков менен мелдештин жарым финалында утулуп калган болчу.