Баткенде мыйзамсыз курал сактаган жаран аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда курал сактаган адам аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, район аймагында өткөрүлүп жаткан “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө, Үч-Коргон айыл аймагынын 58 жаштагы тургунунан калибри 16 миллиметр болгон кош стволдуу сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Алынган куралга тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn10076
2021-03-20 21:04:06
Айыл жериндеги куралдарга тийбей эле койушпайт беле
0
Altyn10076
2021-03-20 21:10:34
Малды карышкыр жегенде мамлекет төлөп беришет болду бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан